Раим Матраимовдун жакын айланасына кирген кыркка жакын адам аныкталды

19 октября 2020 14:03 1308 Barometr
Поделиться в:
ok

Бажы кызматында коррупциялык схемага тиешеси бар кыркка жакын адам аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз борборунун маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төраганын мурунку орун басары Раим Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Тергөө органдары тарабынан Раим Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар кыркка жакын адам аныкталды.

Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-kkk-bazhy-organdaryndagy-korrupciya-faktylaryna-katyshtygy-bar-adamdar-anyktaldy



Добавить комментарий