УКМК: Икрамжан Илмиянов тергөө менен жигердүү иштешип жатат

30 октября 2018 13:00 758 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана анын эң жакын санаалаштарынын бири  Икрамжан Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө ар тараптуу жана калыс жүрүп жатат. 

Акча каражаты берилгени, кайсы жакка которулганы тууралуу жагдайлар аныкталып жатат.  Тергөөдө Илмиянов акчаны алганы тууралуу далилдер бар. Учурда ал тергөө менен жигердүү кызматташууда. 

29-октябрда  "Кыргызстан социал-демократтар партиясы" Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Икрамжан Илмиянов боюнча жиберилген суроосуна расмий жооп тараткан. КСДП өз жообунда 2017-жылдын 15-июлунда президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалганын, бардык маселелерди ал жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

Буга чейин УКМК Илмияновго "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Россиядан кармалып келип  соттун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. 

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-ikramzhan-ilmiyanov-terg-menen-zhigerd-ishteship-zhatat



Добавить комментарий