УКМК "Кыргызстанда эки киши коронавирустан өлдү" деп жалган маалымат тараткан сайтты аныктады

27 марта 2020 11:12 1615 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМК Кыргызстанда коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу жана алдын алуу максатында Интернет мейкининде мониторинг жана анализ иштерин жүргүзүүдө, 2020-жылдын 25-мартында чындыка дал келбеген маалыматтарды жарыялап тараткан «The Asia Times» маалымат сайты аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.  

Такталган боюнча аталган сайт, «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду»делген аталыштагы жалган маалыматты таркатып, Кыргызстандагы калк арасында паникалык маанайды жараткан. 

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси (Билип туруп жалган маалымат таратуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, "Кыргызстанда эки киши коронавирустан каза болду" деп тарап кеткен маалыматка республикалык штаб дагы жооп кайтарып, бул эч кандай чындыкка дал келбей турганын билдирген. Аны менен кошо жарандарды такталбаган маалыматтар менен бөлүшпөөгө чакырган.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-fejk-maalymattardy-taratkan-sajt-anyktaldy



Добавить комментарий