УКМК депутаттыкка талапкердин тууганын добуш сатып алууга шектүү деп кармады

17 ноября 2021 13:00 4518 Barometr
Поделиться в:
ok

Добуш сатып алууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Кармалган адам Бишкек шаарынын тургуну С.М.О. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жакын тууганы болуп саналат. Тергөөнүн версиясына ылайык, эркек Бишкекте бир нече квартал башчылары менен домкомдорду мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө жана добушту акчага сатууга көндүргөн.

Шектүү 16-ноябрда акча таратып жатканда кармалган. Мындан тышкары анын унаасын тинтүүгө алган кезде ири суммадагы акча жана шайлоочулардын даректери жазылган тизмеси табылды.

Кармалган адам УКМКнын абагынын убактылуу тергөө жайына киргизилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-deputattykka-talapkerdin-tuuganyn-dobush-satyp-aluuga-shekt-dep-karmady



Добавить комментарий