УКМК: "Азаттыктын" маалыматы боюнча тергөө иш чаралары башталды

25 ноября 2019 12:59 1928 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 22-ноябрында КР Башкы прокуратурасы тарабынан “Саймаити менен болгон сүйлөшүүжана анын  Матраимов менен байланышы” тууралуу Kloop жана «Азаттыктын иликтөөсүндөгү» материалдардын жарыяланышы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренсинин 1-б. жана 130-беренесинин 1-б.(адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган материалдарды каттоо жана ага карата соттук өндүрүштүн башталышынын негизги себеби Айеркен Саймаитиге карата коркутуулар болуп, ал Туркия мамлекетине качууга аргасыз болгондугу. 

2019-жылдын 24-ноябрянда сотко чейинки өндүрүштү алып баруу КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылып, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүлөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Учурда ишке маанилүү баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары башталды. Териштирүү иштерин толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында,  «Азаттык», ОССRP жана Kloop маалымат каражаттарында чыккан материалдардагы айтылган адамдардын жана маалыматы бар тараптардын катышуусу менен керектүү тергөө иштери жүргүзүлөт

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-azattyktyn-ilikts-ukmk-terg-organyna-tapshyryldy



Добавить комментарий