УКМК: жалган маалыматтарды тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт

19 марта 2020 10:57 565 Barometr
Поделиться в:
ok

КР УКМК коронавирустун таралышы боюнча маалыматтардын фонунда кооптонуу ушактарын, фейк маалыматтарын тараткан тараптарды аныктоо, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Түшүндүрүү-профилактикалык иштер укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте өткөзүлүп жатат. 

"Азыркы тапта республикада кырдаал стабилдүү. Базарлар жана соода түйүндөрү өз нугунда иштеп жатат. Коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. КР УКМК жалган маалыматтарды жана башка ушул багыттагы материалдарды тараткандыгы үчүн КР мыйзамына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ИИМ дагы жалган маалымат тараткандар мыйзам алдында жазага тартыла турганын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-abaldy-turuktuu-saktoo-boyuncha-tieshel-ish-araketterdi-zhrgzd



Добавить комментарий