УКМК: Тергөөчүнүн сейфинен $200 миң жоголгон эмес

20 ноября 2019 12:43 25406 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМКдан 200 миң АКШ доллар суммасындагы акча каражаты жоголгону туралуу Интернет тармактарында жана ЖМК жайылтылып, коомчулукта активдүү талкууланып жаткан маалыматка байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт. 

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Ч.У. пара алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү аяктап сотко жөнөтүлдү. 

2019-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын  Биринчи-май райондук соту тарабынан тергөө иштерине чогултулган материалдардын жана жогоруда айтылган далил катары алынган акча кажаттарынын негизинде, алынган 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар мамлекетке киреше катары алуу боюнча токтом менен чечим чыгарылды. 

Буга байланыштуу УКМК 200 миң АКШ доллары жоголгондугу тууралуу маалымат чындыка дал келбестигин билдирет. 

Муну менен УКМК жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулука жаман көрсөтүү максатында атайлап каралоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-200-mi-aksh-dollary-zhogolgondugu-tuuraluu-maalymat-chyndyka-dal-kelbestigin-bildiret



Добавить комментарий