УКМК: 20 миллион долларды түзгөн 440 кгдан ашык героин баңги заты кармалды
УКМК тарабынан Борбордук Азия аймактары аркылуу жакынкы чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин – баңгизаттарды ташыгандар кармалды. Наркотиканы алып өтүп жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“13-майда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда, Ош областынан атайын жашыруун жерге бекитилген жери аныкталган оор жүк ташуучу унаа кармалды. Жалпы салмагы 440 кг ашык болгон баңгизат (героин) табылып алынды. Кармалган героиндин учурдагы базардагы баасы 20 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт.
КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген КРнын эки жараны УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, КРнын эгемендүүлүк жылдарында, укук коргоо органдарынын практикасында биринчи жолу ушундай ири масштабдагы баңги каналынын ишине бөгөт коюлду. Ошондой эле, рекорддук көлөмдөгү героин түрүндөгү баңгизатынын колго түшүрүү мүмкүнчүлүгү болду”,- деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылдагы БУУнун Дүйнөлүк отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө 35 миллион адам баңгизатын колдонуудан жабыр тартышат. Ошол эле учурда, баңгизатты колдонуудан улам болжол менен 200 миңден ашык адам көз жумат.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-20-million-dollardy-tzgn-440-kg-ashyk-geroin-bagi-zaty-karmaldy
Добавить комментарий ×