Укалоочу салондун ээсин опузалап, акча алып жургөн милиция кызматкери кармалды

19 мая 2023 17:38 969 Barometr
Поделиться в:
ok

Укалоо салонунун ээсинен опузалап пара алып жүргөн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кармалган Ленин РИИБдин кызматкери болгон. 

“ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантат.

Бишкектеги  укалоо салондорунун биринин ээсинен ар дайым опузалап акча каражатын алып келген Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. кармалды.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. эки жыл бою укалоо салонунун үстүнөн калкалоосу   үчүн  айына 4 миң сомдон алып жүргөн. Андан сырткары, 2021-жылдын ноябрь айында милиция кызматкери коркутуу жолу менен укалоо салонунун ээсинен 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.

Бул акча каражаттар ай сайын “О деньги” электрондук капчык аркылуу которулуп турган.  Ал терминалдардын биринде 5 миң сом акча каражатын алуу учурунда кармалды.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголду.

Ички иштер министрлиги өз катарларынан коррупцияга аралашкан кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.

Азыркы учурда ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин жасаган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланып жатат”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/ukaloochu-salondun-eesin-opuzalap-akcha-alyp-zhurgn-miliciya-kyzmatkeri-karmaldy



Добавить комментарий