"Уйгурларды кырып жатышат". АКШ Кытайды уйгурларды тукум курут кылып жатат деп айыптоодо
АКШ Синьцзян-Уйгур Автономиялык районундагы кырдаалга байланыштуу Кытайды "геноцид" жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыптады. Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун айтымында, Кытай өкмөтү "уйгурларды жок кылууга аракет кылып жатат". Бул тууралуу «РИА Новостиге» шилтеме берүү менен «Барометр» билдирет.
"Менин оюмча, геноцид уланып жатат жана биз Кытай өкмөтүнүн системалуу түрдө уйгурларды жок кылуу аракетине күбө болуп жатабыз", - деди Помпео.
New York Times гезити билдиргендей, Кытай өкмөтүнүн уйгурларга байланыштуу иш-аракеттерин улам Байдендин кабинети тарабынан Пекинге каршы санкциялардын кеңейишине алып келиши мүмкүн.
Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысынын кызмат ордуна талапкер Энтони Блинкен Помпеонун пикири менен макул экендигин билдирди.
"Албетте мен да ошондой ойдомун", - деди Блинкен АКШ Сенатынын отурумунда Помпеонун билдирүүсүнө макулсузбу деген суроого.
Эскерте кетсек, АКШ Кытайды уйгурларды жана башка мусулман топторун кысымга алып, Тибетте, анын ичинде адам укуктарын бузууда деп айыптап, санкциялар менен коркутуп келет. Кытай бийлиги бардык айыптоолорду жана сындарды четке кагып, өлкөнүн ички иштерине АКШны кийлигишпөөгө чакырып келет.
Добавить комментарий ×