UFC уюмунун президенти Хабиб менен Конор качан мушташарын айтты
UFC уюмунун президенти Дана Уайт жеңил салмак категориясы боюнча чемпиондор Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши ушул жылдын аягында, болжол менен сентябрь, октябрь же ноябрда болушу ыктымалдыгын айтты.
“Хабиб менен Тони Фергюсон Бруклинде беттешет. Конор ал турнирдин жеңүүчүсү менен кез келсе керек. Азыр ал күтпөйм деп жатат, бирок ал үчүн эмне маанилүү экенин билбейм. Хабиб менен Тонинин беттешинен кийин Орозо башталат. Анын аякташын күтөбүз. Андыктан күзгө барып калышы мүмкүн. Сөз сентябрь, октябрь же ноябрь тууралуу болуп жатат”, — деди ал.
Эске салсак, Нурмагомедов менен Макгрегордун 2018-жылы октябрда болгон беттешинде Хабиб атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.
Ссылка: https://barometr.kg/ufc-uyumunun-prezidenti-habib-menen-konor-kachan-mushtasharyn-ajtty
Добавить комментарий ×