UFC мушкери өлгөндөн кийин мээсин илим үчүн берерин айтты

20 апреля 2020 18:24 959 Barometr
Поделиться в:
ok

UFC мушкери бразилиялык Паулу Коста өлгөндөн кийин мээсин илим үчүн бере турганын билдирди. Спортчу мээнин калыбына келбеген клеткалары боюнча кызыгат жана бул жаатты тыкыр изилдөө үчүн өзүнүн салымын кошкусу келет.

“Мээдеги калыбына келбеген клеткалар азайып, анын кесепетинен сүйлөөдө жана эске тутууда маселе жаралышы ыктымал. Мен жакшы карьера жасап, 36 жаштан кийин мушташпайм”, — деген пикирин ал BJPenn.com порталына берген маегинде билдирген.

Ал башка байланыштуу маселеге олуттуу мамиле кыла турганын, спарринг учурунда башына атайын шлем кийе турганын айткан. Учурда 28 жаштагы мушкер эрежесиз эр уруш боюнча 13 жолу жеңишке жетип, бир дагы жеңилүү ызасын тарта элек.

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-mushkeri-lgndn-kijin-meesin-ilim-chn-bererin-ajtty



Добавить комментарий