UFC мушкери адам өлтүрүүгө шектелип, камакка алынды. Ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

8 января 2021 12:56 4927 Barometr
Поделиться в:
ok

Сот адам өлтүрүүгө шектелген мексикалык UFC мушкери Ирвин Ривераны камакка алды. Бул тууралуу TMZ порталы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Спортчу 7-январда Уест-Палм-Бичте (Флорида, АКШ) камакка алынган. Иштин чоо-жайы айтылган жок. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени белгилүү.

UFC ошол эле учурда, спортчунун акыркы жылдардагы психикалык саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөр жаралганын айтууда.

Айыптоолор өтө катаал экени тынчсыздандырып жана учурда уюм бул тууралуу кошумча маалыматтарды чогултуп жатканы маалым болду. Мындан тышкары, UFC Риверанын жетекчилигине ага учурда мушташуу сунушталбай тургандыгын билдирди.

Мексикалык спортчу кийинки беттешин ушул жылдын март айында өткөрүшү керек эле.

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-mushkeri-adam-ltrg-shektelip-kamakka-alyndy-al-lm-zhazasyna-tartylyshy-mmkn



Добавить комментарий