UFC. Хабиб Нурмагомедов Орусияда эң популярдуу адам болду

11 сентября 2019 10:03 3518 Barometr
Поделиться в:
ok

UFC чемпиону мушкер Хабиб Нурмагомедов Орусиянын эң таанымал адамы болуп калды. Мушкердин Instagram баракчасында катталуучуларынын саны 16 жарым миллионго жетти.

Бул көрсөткүч боюнча ал орусиядагы атактуу теле алып баруучу, ырчы жана актриса Ольга Бузованы (buzova86. 16,3млн) басып өттү.

Хабиб америкалык Дастин Порьени жеңип, экинчи ирет чемпиондук наамды коргоп калгандан кийин Instagram’да анын катталуучуларынын саны заматта 4 миллион катталуучу кошулган.

Өткөн жылдын октябрында Нурмагомедов ирландиялык атактуу Конор Макгрегорду уткандан кийин анын катталуучулары 6 миллиондон 12 миллионго өскөн болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-habib-nurmagomedov-orusiyada-e-populyarduu-adam-boldu



Добавить комментарий