UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов октябрда Жастин Гэтжи менен беттешет

21 июля 2020 11:31 847 Barometr
Поделиться в:
ok

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов октябрь айында Абу-Дабиде америкалык мушкер менен беттешет. Бул тууралуу аталган уюмдун президенти Дана Уайтка шилтеме берип «Барометр» которду.

"Мыкты беттештердин баары эми эми Абу-Дабиде өтөт. Бул жер мушкерлердин жаңы борборуна айланат. Мурда ал АКШнын Лас-Вегас шаары болчу", - деди Дана Уайт.

Октябрь айында боло турган ири беттеште, жеңил салмактагы категорияда, аталган салмактын чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжи менен беттешет.

Белгилек кетсек, америкалык мушкер жазында Жексонвилде (АКШ) өткөн UFC 249 турниринде мекендеши Тони Фергюсонду нокаутка чаап, жеңишке жетип Нурмагомедов менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

 



Ссылка: https://barometr.kg/ufc-chempionu-habib-nurmagomedov-oktyabrda-zhastin-getzhi-menen-betteshet



Добавить комментарий