UFC 247: Валентина Шевченко алты айга четтетилди

13 февраля 2020 11:21 778 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

UFC уюмунун эң жеңил салмак боюнча чемпиону Валентина Шевченко медициналык себептерден улам беттештерден алты айга четтетилди. Мындай чечим Шевченко UFC 247 турнирин жеңгенден кийин Лецензиялоо жана жөнгө салуу боюнча Техас департаментинин медициналык комиссиясы тарабынан кабыл алынган. 

Департамент толук маалымат бербегендиктен Шевченко медициналык себептен деп белгиленген алты айды кыскартууга мүмкүнчүлүгү бар-жогун ачык айтуу кыйын. 

Маалыматка ылайык, Шевченко 7-августка чейин беттештерден четтетилген. 

Белгилей кетсек, 9-февралда Валентина Шевченко америкалык Кэлин Чукагян менен беттешип, аны техникалык нокаут менен утуп, өзүнүн чемпиондугун сактап калган.

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-247-valentinu-shevchenko-alty-ajga-chettetildi



Добавить комментарий