УЕФАнын Европа Лигасынын 8/1 финалындагы атаандаштар аныкталды
Бүгүн, 22-февралда Швейцариянын Ньон шаарындагы Европа футболдук уюмунун (УЕФА) штаб-квартирасында Европа Лигасы мелдешинин 8/1 финалдык баскычына чүчүкулак тартылды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты жазды.
Европа Лигасы мелдешинин 8/1 финалдык баскычына тартылган чүчүкулактын жыйынтыгы төмөнкүчө:
«Челси» (Англия) – «Динамо» (Киев, Украина)
«Айнтрахт» (Германия) – «Интер» (Италия)
«Динамо» (Загреб, Хорватия) – «Бенфика» (Португалия)
«Наполи» (Италия) – «Ред Булл Зальцбург» (Австрия)
«Валенсия» (Испания) – «Краснодар» (Россия)
«Севилья» (Испания) – «Славия» (Чехия)
«Арсенал» (Англия) – «Ренн» (Франция)
«Зенит» (Россия) – «Вильярреал» (Испания)
Европа Лигасынын 8/1 финалдык беттештери 7- 14- март күндөрү болот. Ал эми мелдештин финалы 29-майда Азербайжандын баш калаасы Бакы шаарындагы «Олимпийский» стадионунда өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/uefanyn-evropa-ligasynyn-81-finalyndagy-ataandashtar-anyktaldy
Добавить комментарий ×