Учурда Кытайдын вирус чыккан шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар

27 января 2020 10:36 1133 Barometr
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кытайдын коронавирус чыккан Ухань шаарынын өзүндө учурда Кыргызстандын 15 жараны бар экенин өкмөттүн жыйынында айтты.

Маалыматка ылайык, 15 кишинин 14ү студент, бирөө ишкер.

Ниязалиев ал эми жалпысынан бул шаарда Кыргызстанды 50гө жакын жараны бар, алардын көбү аталган шаардан башка жактарга, же Кыргызстанга келгенин кошумчалады

Учурда Ухань шаарындагы жарандар менен элчилик түз байланышып жатканын белгиледи.

Министрдин биринчи орун басары аталган шаардагы чет элдиктерди алып чыгып кетүү боюнча Кытай бийлиги так аракеттерди иштеп чыга электигин айтты. Андан сырткары Кыргызстандын жарандары ооруга чалдыкпаганын кошумчалады.

Өз кезегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев эгер Кыргызстандыктарды алып чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралса, өкмөт дагы колдон келген жардамын берерин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/uchurda-kytajdyn-virus-chykkan-shaarynda-kyrgyzstandyn-15-zharany-bar



Добавить комментарий