Учурда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өтүүдө

3 сентября 2018 13:50 1212 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Учурда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити жүрүүдө. 

Саммитке кеңеш мүчөлөрү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана  байкоочу катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.

Саммитте кеңештин төрагалыгын Казакстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Жыйындын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, спорт жана жаштар саясаты жаатында келишимдерге кол коюлушу мүмкүн.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки күн мурун Бишкек сапарында саммиттин жүрүшүндө бир нече маанилүү чечим кабыл алынарын билдирген. Ал түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин башка мүчөлөрү менен соода жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн жолдору талкууланарын кошумчалаган.

Түрк тилдүү мамлекеттер саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. Кыргызстанда кеңештин саммити экинчи ирет өтүүдө. Буга чейин 2012-жылы Бишкекте өткөн эле. Кыргызстанга саммит өткөрүү кезеги 2016-жылы берилип, эки жылдан бери өтпөй келген. 

Ал эми Өзбекстан саммитке расмий турдө мүчө болуп кирери тууралуу айтылууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркияга болгон иш сапарында саммитке мүчө болуп кирүү сунушун айткан. Азырынча расмий түрдө жарыялана элек. 

Ссылка: https://barometr.kg/uchurda-cholpon-ata-shaarynda-trk-tild-mamleketterdin-kyzmattashtyk-keeshinin-6-sammiti-td



Добавить комментарий