Учактан мас абалында чуу чыгарган министрдин орун басары Зууракан Каденова ээлеген кызматынан бошотулду

22 сентября 2018 23:25 4122 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

КР эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Аталган маалыматты өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеулдагы Инчжон аэропортунан учакка мас абалында кирип алып, ызы-чуу чыгарган. Бул маалыматты алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн интернет баракчасына жазып чыгарган. 

Ал эми Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов Каденова учакка мас абалында кирип, чыр чыгарганын тастыктады. Экипаж мас аялдын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө аргасыз болуп, рейс уча турган убактысынан кеч учкан. 

 Зууракан Каденова Сеулга окууга келгендиги айтылууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/uchaktan-mas-abalynda-chuu-chygargan-zamministrdin-orun-basary-zuurakan-kadenova-eelegen-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий