Видео. Убактылуу Өкмөт "Ынтымак" паркка көчөт отургузушту

14 сентября 2019 17:08 1354 Barometr
Поделиться в:
ok

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү «Ынтымак» жаңы паркка көчөт отургузушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын фесбуктагы баракчасына жарыяланды.

Эске сала кетчек, аталган паркты өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “Ынтымак” деп атоону сунуш кылган.

Маалыматка ылайык Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бүгүн саат 17:00дө президент менен жолугушуусу пландалган. Алар жолугуу алдында дарак көчөттөрүн отургузууну чечишкен.

Бул жолугушуу Президент тараптан демилгеленген. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн арасында Алмаз Атамбаев жок.

Ссылка: https://barometr.kg/ubaktyluu-kmt-yntymak-parkka-kcht-oturguzushtu



Добавить комментарий