Убактылуу кармоочу жайда жаткан эки адам пластик кашыктар менен өздөрүн кескилеп салышты

14 мая 2019 17:40 2377 Barometr
Поделиться в:
ok

Тергөө абагында жаткан эки адам нааразычылык билдиришип, денелерине залал келтиришкендигин Чүй облусунун ШИИБи кабарлады.

2019-жылдын 14-майында, болжол менен саат 10:00дөр чамасында тергөө абагындагы талап-тоноочулукка шектелип жаткан К. А. жана банги заттарын сактоого шектелген С. В. Токмоктун убактылуу кармоочу жайында өздөрүнүн нааразычылыгын билдирип, пластик кашыктардын сыныктары менен өздөрүн кескилеп, денелерине залал келтиришкен.

Аларга дароо амблуаториялык медициналык жардам көрсөтүлүп, окуя КЖБР АМТ катталган жана сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ошондой эле бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, аталган факт боюнча Чуй облусунун ШИИБнин ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ubaktyluu-karmoochu-zhajda-zhatkan-eki-adam-plastik-kashyktar-menen-zdrn-keskilep-salyshty



Добавить комментарий