Бишкекте бир күн мурун табылган эки жашар наристенин апасы милицияга келди
Бишкек шаарынын 3-кичи районунда табылган эки жашар наристенин апасы бир күндөн кийин табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Эске сала кетсек, кече, 12-апрелде 3-кичи районундагы No19 үйдүн короосундагы балдар аянтчасынан болжол менен эки жаштагы бала өзү жалгыз жүргөндө табылган.
Бүгүн, 13-апрелде 1999-жылы туулган М.С. милиция кызматкерлерине кайрылып, анын энеси экендигин айткан. Ал милиция бөлүмүнө чакырылган жана аял 2019-жылы туулган М.А.га таандык туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алып келип, баланын апасы экенин тастыктаган.
“Баланын апасынын айтымында, алар 3-кичи райондогу туугандарынын үйүнө конокко келишкен. Анан, туугандарынын үйүнөн коноктон чыккандан кийин, колундагы кичинекей кызынын табы айнып, өзүн жаман сезип калган. Ошол учурда, аял баласын тура тур деп ары басып кетип, адашып калган”, - деп айтылат милициянын маалыматында.
“Учурда, наристенин апасы Октябрь райондук акимиатында олтурат. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери аны менен баарлашып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Андан кийин, алар балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылган М.А.га барышат.
Ошондой эле, 12-апрелде саат 15:00дө М.С. социалдык кызматкерден баланы материалдык кыйынчылыктардан улам балдар үйүндө калтыра турууну суранган. Өз кезегинде, кызматкерлер андан Октябрь райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылууну суранган.
Эми жаш келин наристени балдар үйүнөн алып кетүү үчүн, бир катар документтерди бериши керек”, - деп кошумчалады милициядан.
Добавить комментарий ×