Фостердик үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн жардам көрсөтүлүүдө

6 мая 2020 16:53 1896 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары “Балалык институту” коомдук фондунун колдоосу менен убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөргө (фостердик үй-бүлөлөргө) гуманитардык жардамдарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук фонд райондук башкармалыктарга багып алуучу үй-бүлөлөр менен байланышууга жана тамак-ашка каражат бөлүп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/ubaktyluu-bagyp-aluuchu-j-bllrg-azyk-tlk-zhardam-krstld



Добавить комментарий