U23 дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы жарым финалда
Бөлүшүү:
Кыргыздын балбан кызы Айпери Медет кызы U23 Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Жарым финалда япониялык Yuka Kagami менен кармашат.
76 кило салмакта күрөшүп жаткан Айпери чейрек финалда Канадалык Gracelynn Doogan менен кез келип, 1 мүнөт 24 секундада 10:0 эсебинде таза техникалык жеңишти камсыздады.
Айпери алгачкы беттешинде италиялык Энрика Ринальди’ни да дал ушундай эсеп менен уткан болчу.
Эске сала кетсек, спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарында өтүп жатат. Мелдештин кыздар күрөшү бүгүн, 30-октябрда башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/u23-djn-chempionaty-ajperi-medet-kyzy-zharym-finalda
Добавить комментарий ×