Депутат насыяларды төлөөдө алты айга чейин жеңилдик берүү керектигин айтты
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу орто жана чакан өндүрүш ишканаларына жеңилдик берилиши керек. Бул тууралуу 24-апрелдеги "Парламентаризм сабактары" талкуусунда айтылды. Жогорку Кеңештин Facebook жана Youtube каналы аркылуу түз эфирде уюштурулган талкууга депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Эмил Токтошев катышты.
Эл өкүлдөрү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал маалында чакан жана орто бизнеске кандай колдоо керектиги тууралуу пикирлери менен бөлүшүп, сунуштарын айтышты. Алсак депутат Эмил Токтошев кыйын кырдаалда экономикалык туруктуулукту жана жумушчу орундарын сактап калуу мамлекеттин башкы максаты экенин белгиледи.
"Аз сандагы жумушчулар иштеген тейлөө жана кызмат көрсөтүү тармагындагы ишканалардын ишине уруксат берүү зарыл", -деди ал.
Ушундай эле пикирди колдогон депутат Абдывахап Нурбаев калкты жалпы тесттен өткөрүү менен ишканаларынын ишин улантып жаткан Корея менен Чехиянын тажрыйбасын карап көрүү маанилүү экенин кошумчалады. Ошондой эле эл өкүлү насыя жана салык төгүмдөрүн кечиктирип төлөөгө алты айлык мөөнөт берүү жана "Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун" каражаттарын гранттык негизде пайдалануу учур талабы экенине токтолду.
Добавить комментарий ×