Бишкекке адамдарды өңүнөн тааный турган 20 видеокамера орнотулган

28 января 2020 14:54 1074 Barometr
Поделиться в:
ok

Ордо калаанын аймагында адамдарды өңүнөн тааный турган 20 видеокамера орнотулган. Ал издөөдөгү базага сүрөтү киргизилген гана адамдарды тааныйт, ал эми базада жок адамдарды тааный албайт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетте чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын-алуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди. 

Ошондой эле, «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокамералары өткөн жылдын март айынан бери миллионго жакын жол эрежелерин бузууларды каттап, эреже бузган адамдардын 55 пайызы 600 миллион сомдон ашуун айыппул төлөгөнү белгилүү болду. 

Ал эми жол эрежелерин бузуу Чүй облусунда 50 пайызга, Бишкек шаарында 45 пайызга кыскарга

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорунун алгачкы этабынын алкагында «Вега» компаниясы тарабынан Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында 110 фото-видеокамера орнотулган. Эми анын экинчи этабынын алкагында өлкө аймагында стратегиялык маанидеги 306 жерге 40 көчмө камера, 266 туруктуу камера орнотулмакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/tz-balanysh-kn-tn-tynymsyz-ishtejt-zharandar-kaalagan-maalda-zdr-kaalagan-maalymattardy-ala-alat



Добавить комментарий