Жашыруун иштеген компьютердик клуб табылып, айып пул салынды

9 июня 2020 09:55 606 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэриясы карантиндик чектөөлөргө карабай иштеп жаткан компьютердик клубду аныктады.

Шаардык мэрия кабарлагандай,  Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Bootcamp" аталышындагы компьютердик клуб тыюу салууга карабай иштеп жаткан. Анда компьютердик оюндарды ойноп жаткан өспүрүмдөр көп болгон жана алар жашыруун клубтун арткы эшигинен киргизилген.

Шаар башкармалыгынын кызматкерлери, бул факты бонча эки протокол түзүп, мекеменин ээсине 6 миң сом өлчөмүндө айып пул салышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tyyuu-salynganyna-karabastan-komryuterlik-klubdar-ishtep-zhatyshat



Добавить комментарий