Тышкы иштер министрлиги: Жарандар Россияга кирүү үчүн COVID-19га тест тапшыруусу керек

23 сентября 2020 15:54 598 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияга кирүү үчүн жарандар коронавирус инфекциясына текшерүүдөн өтүү керек деген билдирүү таратты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчилигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 21-сентябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын жарандары жана жашап турууга уруксаты же Кыргыз Республикасында туруктуу жашоо укугун тастыктаган башка документтери бар адамдар Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынан аба бекеттери аркылуу кирүүгө уруксат алышкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда, Россия тарап, Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргызстанда  туруктуу жашоого укугу бар адамдар дагы деле болсо ПЦР тестирлөөнүн терс натыйжалары учууга чейин 72 сааттан эрте эмес жүргүзүлүшү керек экендигине көңүл бурушат.

Ссылка: https://barometr.kg/tyshky-ishter-ministrligi-zharandar-rossiyaga-kir-chn-covid-19ga-test-tapshyruusu-kerek



Добавить комментарий