Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жумушчу сапары менен 26-октябрда Москва шаарына барат

25 октября 2018 13:40 1108 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жумушчу сапары менен 26-октябрда Москва шаарына барат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматты камсыздоо бөлүмунөн билдиришти. 

Чыңгыз Айдарбеков министр катары кызматына киришкенден бери бул сапар анын алгачкы иш сапары болуп эсептелет. 

Буга чейин министрликти жетектеп келген Эрлан Абдылдаев жазган арызынын негизинде 12-октябрда кызматтан кеткен. Бош калган министрликтин ордуна Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталып, парламенттин колдоосунан кийин президенттин жарлыгы менен КР Тышкы иштер министри кызматына бекиген.

Ссылка: https://barometr.kg/tyshky-ishter-ministri-chygyz-ajdarbekov-zhumushchu-sapary-menen-26-oktyabrda-moskva-shaaryna-barat



Добавить комментарий