Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр элине 900 миң сомго азык-түлүк таратты

6 апреля 2020 12:56 907 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районундагы жана Суусамыр өрөөнүндөгү, ошондой эле Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 900 миң сомдук көлөмдөгү азык-түлүк жардамын көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.  

Алгач, өткөн жумада Суусамыр өрөөнүндөгү 200 үй-бүлөгө ун жана май азыктары берилген. Калган аймактарга да жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жардамы менен акыйкат бөлүштүрүлөт.

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын алдын-алуу багытында аймактарда тиешелүү иштер жасалып, айыл калкынын саламаттыгын коргоо жаатында атайын жумуштар аткарылууда.

Андыктан, депутат Тынчтыкбек Конушбаев элет элинин аялуу катмарын кыйын кырдаалда колдоп, аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратуу чечимин кабыл алган.

Адамзатты кыйын кырдаалга кептеген, оор илдетти ынтымак жана биримдик менен жеңебиз деген депутат Тынчтыкбек Конушбаев, алсызга жөлөк болуп, муктажга көмөк көрсөтүү учур талабы экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, аталган эл өкүлү 20 жылга чукул убакыттан бери Суусамырга туруктуу демөөрчү катары көмөк көрсөтүп келет. Муну менен катар аталган өрөөндөгү жана Военно-Антоновка айылындагы окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен айыл калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлорго демөөрчүлүк кылып, жигердүү жаштарды өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну адатка айланткан.


Ссылка: https://barometr.kg/tynchtykbek-konushbaev-900-mi-somduk-klmdg-azyk-tlk-zhardamyn-krstt



Добавить комментарий