Бишкекте түн ичинде үйдө жалгыз калган 2 жашар наристени милиция алып кетти

27 апреля 2021 09:37 718 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте эки жашар баланы жалгыз батирге кулпулап кеткен окуя иликтенүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 112 куткаруу кызматына түнкү саат 02:58де Аламүдүн-1 районунда жашаган жашоочулардан чакыруу келип түшкөн.

“Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын эшиги жабык болгон батирдин ичинде тынымсыз ыйлап жаткан бала тынчсыздандырып жатканын айтышкан.

Тез арада жеткен Бишкек шаардык куткаруу кызматынын кызматкерлери, милиция кызматкерлеринин жана кошуналарынын катышуусунда, эшикти ачып беришкен.

Батирде 2 жашар бала жалгыз болгон. Бала медициналык жардамга муктаж эместигине ынангандан кийин, куткаруучулар аны милиция кызматкерлерине өткөрүп берген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда, окуянын чоо-жайын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери иликтеп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/tynbaj-yjlagan-tnd-batirde-zhalgyz-kalgan-2-zhashar-bala-miliciyaga-tkrlp-berildi



Добавить комментарий