Тынар Курбаналиев: Сөгүнүп алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм

9 декабря 2020 17:45 2867 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү куудул, Тынар Курбаналиев айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин мал-жандыктарды сыртка экспорттоого тыюу салган чечимине жинденип, аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жаткан аудиосу таркаган. Бүгүн, 9-декабрда куудул жаңылып калганын айтып, жалпы элден кечирим сурады. Бул тууралуу Курбаналиевдин соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу кыргыз элим!

Мындан 2-3 күн мурда мал-чарбачылыгы боюнча ватсапп группада талаш тартыш учурунда сөгүнүп алган аудио коомчулукка таркап кетти.

Кыргызда “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп койот го. Ачууга алдырып, уят сөз сүйлөп, сөгүнүп алганым үчүн башымды ийип кыргыз элимдин алдынан кечирим сурайм.

Мени эч ким коркутуп же басым кылган жок. Болгону, кеменгер карылардын кеңеши менен кечирим суроону туура көрдүм.

Кыргыз элим кечиримдүү эл экенине ишенип, дагы бир жолу этикага туура келбеген сөздөрдү айтканым үчүн кечирим сурайм”, - деп айтты Курбанилиев.

"Барометр" коомчулукка терс таасир калтырган материалдарды жарыялоону туура көрбөйт.


Ссылка: https://barometr.kg/tynar-kurbanaliev-sgnp-alganym-chn-kyrgyz-elimden-bashymdy-ijip-kechirim-surajm



Добавить комментарий