Ата-энелер арасында туура тамактанууну жайылтуу программасы ишке киришти

7 сентября 2020 15:25 925 Barometr
Поделиться в:
ok

Ата-энелерге даамдуу жана пайдалуу рецепттер жөнүндө маалымат бериле баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАПТ) аралыктан окутуу учурунда балдарга туура тамактанууну уюштуруу боюнча маалымат кампаниясын баштады.

Маалыматтык кампаниянын максаты - мектеп окуучулары, ата-энелер арасында туура тамактанууну жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Биринчи чейректе мектептер өз эшигин 1-класстын окуучулары үчүн гана ачты. Калгандары аралыктан билим алышат. Буга байланыштуу БУУ ДАТП, Билим берүү жана илим министрлиги жана Өнөр жай тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте “Мектептеги тамак-аш үйдө” маалымат кампаниясын иштеп чыгышты.

Маалымат кампаниянын алкагында ата-энелер туура тамактануу боюнча кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды түрдүү форматта ала алышат: инфографика, видеотасмалар, даамдуу жана пайдалуу рецепттер, ден соолукка пайдалуу жомоктор жана саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тастыкталган рецепттер китебинен алынган жумалык меню. Мындай формат ата-энелердин жана окуучулардын маалыматты тез жана оңой кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Алдыдагы эки айда ар апта сайын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын  социалдык тармактагы баракчаларында (Инстаграм, Фейсбук жана YouTube) балдардын туура тамактануусу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган материалдар жарыяланып турат.


Ссылка: https://barometr.kg/tuura-tamaktanuuga-bagyttalgan-maalymat-kampaniyasy-bashtaldy



Добавить комментарий