Туура эмес уйку режими ден соолукка зыян

9 сентября 2022 10:07 4391 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын Түштүк Калифорния университетинин окумуштуулары уйку режиминин бузулушу ден соолукка кооптуу экендигин аныкташты. Тагыраак айтканда, уйку режиминин бузулушу рак оорусуна алып келе тургандыгын изилдеп чыгышты. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Анткени, түн ичинде адамдардын организминде зат алмашуу жакшы жүрүп, организмдеги тамак-аш жакшы сиңет. Демейде биз көбүнчө түшкө чейин уктоону адатка айлантып алганбыз. Бул туура эмес. Мындай уйку режими адамдарда ар кандай ооруларды пайда кылат.

Эң эле кооптуу болуп, ал бара-бара рак оорусуна алып келет. Организмдеги белокторду сиңирүүгө катышкан “HNF4A” клеткасы, биздин боор, бөйрөк жана ичеги-карын менен түздөн-түз байланышта.

Ошондуктан, адистер убагында жатып, убагында турууну кеңеш берет. Мына ошондо гана организмде зат алмашуу системасы жакшы иштейт.

Ссылка: https://barometr.kg/tuura-emes-ujku-rezhimi-den-soolukka-zyyan



Добавить комментарий