Туулган күндө жасабай турган ырым-жырымдар

24 апреля 2019 10:03 1765 Barometr
Поделиться в:
ok

Туулган күндө жасабаш керек деп койгон тыюу салуулар бар. Алар кайсылар? 

Туулган күндө эч качан кайгырып же урушуп же мамилелерди талкуулабаш керек деп коюшат. Бул күн жакшы маанайда жагымдуу өтүшүнө аракет кылыңыз.

Жамгыр жааса же кар жааса ийгилтикке деп коюшат.

Бул күндү бир күн эрте майрамдап албаңыз. Бул кийинки туулган күнгө чейин ар түрдүү кырсыктар менен кыйынчылыктарды алып келет деп коюшат.

Биргелешип туулган күн өткөрбөгөнгө аракет кылыңыз. Бул күндө адам тагдырлары биригип калып, аны менен бирге кайгырып бирге кубанышы ыктымал деп коюшат. Ошондуктан канчалык кызыгып жатсаңыз да башка бирөө менен биргелешип туулган күнүңүздү майрамдабаңыз.

Бул күнү жакын достордун, сизди сүйгөн туугандарыңыз жана чын дилден жакшылык каалаган адамдардын жанында өткөрүңүз.

Сөссүз түрдө таттуу алып белгилегенге аракет кылыңыз жана кийинки жылга оюңуз менен жакшылыктарды каалаңыз.

Торттогу шамды үйлөп жатканда жалаң гана жакшы каалоо-тилектерди ичиңизден айтыңыз.

Шамдын жарыгын бир үйлөгөндө өчүрүүгө аракет кылыңыз.Буга көзүңүз жетпесе эң жакын адамдын көмөккө чакырып алыңыз!

Туулган күндө көргөн жакшы түш ишке ашат деп коюшат.

Ссылка: https://barometr.kg/tuulgan-knd-zhasabaj-turgan-yrym-zhyrymdar



Добавить комментарий