Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамына Шыкмаматов кирди

8 августа 2018 20:00 963 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Өлкөнү Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. 

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 7-августта кол койгон. Жарлыкка ылайык, Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы өзгөрдү. Ал эми калган курам өзгөргөн жок. 

Белгилей кетсек, . 25 кишиден турган кеңешке президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылат. Тизмеде спикер Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку Кеңештеги калган беш фракциянын лидерлери, президенттик аппараттын жетекчиси, Коопсуздук кеңешинин катчысы, башкы прокурор, БШК төрайымы, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагалары, экономика, финансы министрлери, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын, "Жарандык Платформа" коомдук фондунун, "Жер Азыгы" ассоциациясынын жетекчилери, өкмөт алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы, Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсы, Өнүгүү саясаты институтунун башчылары кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/turuktuu-nktr-boyuncha-uluttuk-keeshtin-kuramyna-shykmamatov-kirdi



Добавить комментарий