Туруктуу ишин таштап, таксист болгон Ариманын баяны. Сүрөт
Норихита Арима таксист болуу үчүн жаркыраган кеңседеги аналитик кесибин таштады. Ал мындай кадамына эч өкүбөй турганын айтат.
Япониянын 33 жаштагы тургуну Норихита Арима Токиодогу өзгөчө жана эң билимдүү таксист десек жаңылбайбыз. Себеби ал билимин өркүндөтүп, MBA деңгээлин алган.
Ал кеңседе иштеген кездерин абак менен салыштырат. Анткени эртеден кечке бир жерден чыкпай отуруп иштөө ал үчүн кыйноого барабар болгон. Арима эркин болуп, өз жумуш графигин өзү түзүүнү көптөн бери самак келген.
Таксисттин жумушу деле жеңил эместигин айтат. Мисалы дем алыш күндөрү мас кардарларды үйүнө жеткирүү бир топ эле машакаттуу. Себеби, айрымдары машинанын ичине кусуп да салышат. Башка бирөөнүн кусундусун тазалоо деле оңой эмес.
Бирок кеңседеги жумуштан айырмаланып, Арима өзүнө өзү чоң, жетекчи. Мурдагыдай болуп "бул ишти жаса", "андай кыл", "мындай кыл" деген кежир жетекчи жок. Ал өзүнө жаккан учурда каалагандай иштейт. Айрым күндөрү 18 саатка чейин иштегенге туура келет. Бирок Норихита Арима эркин болгонун өзүнүн чоң жеңиши деп эсептейт. Associated Press басылмасынын сүрөтчүсү Жей Хун Ариманын жылуу жумшак кеңседен кийинки жумушун сүрөт баян кылган.
Ссылка: https://barometr.kg/turuktuu-ishin-tashtap-taksist-bolgon-arimanyn-bayany-srt
Добавить комментарий ×