Турна асманда гана сулуу көрүнөт. Эмне үчүн эркектер башка аялга үйлөнүп алышат?

6 сентября 2019 11:10 9452 Barometr
Поделиться в:
ok

Эмне үчүн эркектер жубайын таштап башка аялга үйлөнүп алышат. Анын психологиялык себептерин barometr.kg изилдегенге аракет кылып көрдү. Кымбаттуу айымдар эгерде жубайыңыз сизден кетип калып абдан келбеттүү, сулуу, сексуалдуу аялга үйлөнүп алат деген ойдо болсоңуз анда жаңылышасыз. Жок, андай эмес, көпчүлүк эркектер өзүнүн жубайынан башка аялдын сулуураак болгону үчүн кетпейт. Турна асманда гана көркөм көрүнөт, алыстан аны эч талбай карай берүүгө болот, ошол сыңары  олуттуу себептер болбосо эркектер жөндөн-жөн эле өзүнүн сүйүктүү көк чымчыгын турнага алмаштырбайт. Мындай олуттуу себептери биле жүрүңүз.  

Биринчи себеп: күйөөсүн теңсинбөө. Чыныгы эркек аны тоготпогон жана теңсинбеген, урмат көрсөтпөгөн аялдын жанында жүргүсү келбейт. Эркек  ар дайым өзүн лидер катары көрсөткүсү келет.

Экинчи себеп - анын жеке мейкиндигине баскычылык кылуу.Бул абдан маанилүү себеп. Көпчүлүк аялдар күйөөсү аны менен жашап жатса эле өзүнүн жеке мейкиндиги болбошу керек деп ойлошот жана анын баскан турганын тыкыр көзөмөлгө алат.Ошондуктан анын маал-маалы менен өз жайына койгон дагы дурус болот.

Үчүнчү себеп - ыраазы болбоо. Күйөөсү аялына камкордук кылып, аны багат. Албетте сөз чыныгы эркектер тууралуу болуп жатат. Бирок аялы дайыма нааразы болуп турса бул дагы анын башканы тандашына жол ачат.

Төртүнчү себеп - аялдын өзүн карабай коюусу.Көп аялдар күйөөм экөөбүз канча жыл  чогуу турдук ким үчүн жасанмак элем деп ойлошот.Эркек менен өмүр бою жашоону пландап жатсаңыз өмүр бою денеңизге, жүзүңүзгө, келбетиңизге кам көргөндү унутпаңыз.

Бешинчи себеп - ал сизди сүйбөйт. Эң жөнөкөй жана коркунучтуу себеп. Сиз аны сүйбөйсүз, ал сизди сүйбөйт. Мындай учурда тек гана кое бериңиз. Сүйбөй калуу бул себеп эмес-ага чейинки кылык-жоруктар менен аракеттерге берилген баа деп да койсок болот.

Алтынчы себеп - аялдын жанында эркектин өзүн ыңгайсыз сезүүсү. Мындай эркек үйүнө шашылбайт, аялынан качат. “Аял дайыма жаныңда жүргөн майрам болушу керек” деген сөз бар. Демек сиз ага майрам болбой калгансыз.Балким урушчаак, балким жемелей бергич, балким балдарыңызды эле карай берип күйөөгө көңүл бурбаган эне, балким өзүн карабай калган же жубайыңызды акча чыгарып берген  айымга айланып банктай көрүп калдыңызбы, себептерин жакшылап ойлонуңуз. Албетте “эркелердин эбин таба албай”, чөнтөгүнө акча түшсө эсирип, экинчи аял алам деген эркектер да бар. Андай болсо кетсин, ал эркек сизге татыктуу эмес.

Жыйынтыктай келгенде жогорудагы себептер болгон учурда көпчүлүк эркектер аялынан кетүүнүн амалын издейт. Бирок турмушта баардык эркектер эле идеалдуу эмес жана ар бир жубайдын мамилеси ар түрдүү. Ошентсе да күйөөнүн кетип калуусуна себеп болгон жагдайларды аял катары биле жүргөнүңүз дурус.

Ссылка: https://barometr.kg/turna-asmanda-gana-suluu-krnt-emne-chn-erkekter-bashka-ayalga-jlnp-alyshat



Добавить комментарий