Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү (Сүрөт)

15 июля 2020 14:26 573 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Түркия мамлекетинен гуманитардык жардам Кыргызстанга бүгүн келди. «Turkish airlines» авиакомпаниясынын  учагы гуманитардык жардам менен «Манас» Эл аралык аэропортуна конду.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:

 20 өпкөнү жасалма дем алдыруу  (ИВЛ) аппараттары;

 50 кычкылтек концентратору;

 20 миң ПЦР-тест  комплекти;

20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;

 50 миң  N95 коргоочу беткаптары;

 100 миң хирургиялык беткаптар;

 35 миң коргоочу костюмдар;

 2 миң коргоочу беткаптар – козыректор;

 10 миң гидроксихлорохин дарысынын упаковкасы.

Белгилей кетсек, 6-июлда Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетинин президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, 2020-жылдын 7-июлунда саламаттык сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча эки мамлекеттин ортосундагы түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган.

Ошондой эле,  2020-жылдын 11-12- февралында Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн КРнын Саламаттык сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын тапшырган.

Ссылка: https://barometr.kg/turkiya-respublikasy-kyrgyzstanga-gumanitardyk-zhardam-krstt



Добавить комментарий