Турист кытайлык таксистке адашып жүз эсе көп акча төлөп алды

2 августа 2018 01:20 2041 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кытайга эс алууга келген Америкалык туристтер таксистке билбестиктен жүз эсе көп акча төлөп алышкан. Башкача айтканда 65 юан төлөмөк болгон туристтер, 6,5 миң юан төлөшкөн. Бул тууралуу маалымат кытайдын  South China Morning басылмасына чыкты. Окуя Шэньси провинциясындагы Сиянь шаарында болгон. Эсептик картасына ашыкча акча түшүп калганын көргөн кытай айдоочусу туристтик топторго  кайрылып, акчалай сумманы кайтарып берген.  Америкалык  Лю аттуу туристтердин бирөөсү кытайлык айдоочуга таң берип, ыраазычылык катарында бир аз акча сунуштаган. Бирок, айдоочу ал акчадан да баш тарткан. 

Туристтердин айтымында төлөп жатканда системаны жакшы түшүнбөй калганын билдиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/turist-kytajlyk-taksistke-adashyp-zhz-ese-kp-akcha-tlp-aldy



Добавить комментарий