Турдакун Усубалиевдин ысымы Чүйдөгү чокуга берилет

4 октябрь 2019 13:29 1309 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусундагы чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат. Мындай кабарды Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйында айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында жыйын өткөн.  

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү күнү уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу жүрүп жатканын, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турарын айтты.

Өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатканын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/turdakun-usubalievdin-ysymy-chjdg-chokuga-berilet



Добавить комментарий