Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду

4 февраля 2019 17:20 1510 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. 

Жарлыктын максаты —  Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо.

Иш чараны эң жогорку улуттук деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планы иштелип чыгып, бекитилет.

Ссылка: https://barometr.kg/turdakun-usubalievdin-100-zhyldygyn-majramdoo-zhnnd-zharlykka-kol-koyuldu



Добавить комментарий