Турдакун Ниязалиев: "Адамдар эки топко бөлүнөт"

5 марта 2019 10:44 2339 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Тарбиялык мааниси терең ырларды ырдап элди ыймандуу болууга чакырып келген ырчы Турдакун Ниязалиев адамдарды эки топко бөлүп аларга мүнөздөмө берди. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына бөлүштү.

Анда ырчы:

"Адамдар 2 топко бөлүнөт: дүнүйөнү минип алгандар жана дүнүйө аларды минип алгандар деп ошол топтогуларга баяндама берди.

Жараткан бизге байлык берсе жүрөккө эмес колго берсин! Анткени, жүрөккө кирген дүнүйө адамды өзүнө кул кылат. Эгерде ал колуңда болсо, сени март кылат", -деп жазып койду.

Көпчүлүк ырчынын бул пикирин колдоого алып, акыркы болуп жаткан терс маанидеги окуяларга кайгыргандарын билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/turdakun-niyazaliev-adamdar-eki-topko-blnt



Добавить комментарий