Турак үйлөрдүн бир чарчы метри 15,5 миң сомдон бааланган

8 октября 2021 09:53 2664 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жылы жеке турак жайлардын бир чарчы метринин курулушуна кеткен орточо факты жүзүндөгү баа 15,5 миң сомдон болгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин инвестициялар боюнча баяндамасында айтылганын “Барометр” маалымдайт.

2019-жылы алардын факты жүзүндөгү орточо баасы 1 чарчы метрге 15,6 миң сом болгон, 2016-жылы 14,1 миң сомго бааланган.

Эң эле кымбат турган турак үйлөр Бишкекте салынат, анын баасы квадрат метрине 28,3 миң сом, бул республика боюнча алганда орточо эсеп менен 1,8 эсеге көптүк кылат.

Эң арзан баадагы курулуш Баткен областында- 9,9 миң сом, Нарын областында 12,8 миң сом жана Ош шаарында 10,6 миң сомдон курулган.

Ссылка: https://barometr.kg/turak-jlrdn-bir-charchy-metri-155-mi-somdon-baalangan



Добавить комментарий