Тумоологондор көбөйдү. Бишкекте бейтапканалар дем алышсыз иштейт

19 декабря 2022 16:40 1019 Barometr
Поделиться в:
ok

Курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын санын көбөйүшүнө байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери дем алыш күндөрү да иштешет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери КРВИ менен кайрылган бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүүнү улантышууда.

КРВИ жана сасык тумоо боюнча кайрылуулардын өсүшүнөн улам үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардык күндүзгү стационарлары ҮМБнын иштөө графигине ылайык дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 08:00 дөн 18:00 гө чейин жана жекшемби күнү саат 08:00 дөн 14:00 гө чейин эки сменада иштейт.

Эскерте кетсек, саат 9:00дөн 18:00гө чейин 118 ишеним телефону иштейт, ал бардык кайрылгандарга амбулатордук консультациялык жардам көрсөтөт, анын ичинде КРВИ жана грипптин алдын алуу боюнча.

“Урматтуу шаардыктар! Оорунун алгачкы белгилери байкалганда алдын алуу чараларын көрүү керек (бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, көп адамдар чогулган жерлерге барбоо, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу, жайларды тез - тез желдетүү ж.б.).

Ошондой эле дарыгерге кайрылуу керек, анткени рационалдуу өз убагында тандалган терапия-тез жана туруктуу айыгуунун натыйжалуу жолу болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун  каттоо жайларынын актуалдуу телефон номурлары:

№1 ҮМБ - 0 312 64 45 42;

№2 ҮМБ - 0 312 21 03 57;

№3 ҮМБ - 0 312 32 52 32;

№4 ҮМБ - 0 312 43 39 07;

№5 ҮМБ - 0 312 63 51 23;

№6 ҮМБ - 0 312 57 02 84;

№7 ҮМБ - 0 312 66 20 44;

№8 ҮМБ - 0 312 42 69 62;

№9 ҮМБ - 0 312 21 17 32;

№10 ҮМБ - 0 312 67 82 74 ;

118 ишеним телефону.

Ссылка: https://barometr.kg/tumoologon-baldar-kbjd-bishkekte-bejtapkanalar-dem-alyshsyz-ishtejt



Добавить комментарий