Туманбаева: "Канал куруу боюнча тендерди утуп алган компания кызматкерлерге айлык төлөбөй жатат"

31 января 2019 14:27 1292 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ак-Тилек суу каналын куруу үчүн тендерди утуп алган "Жагалмай" компаниясы кызматкерлердин айлыктарын бербей 3-4 айдан бери кармап жатат. Мындай маалыматты депутат Туманбаева бүгүнкү парламенттик жыйында билдирди.

"Каналда иштеген 40 кызматкердин акчаларын бербей коюшуптур. Алар компаниянын жетекчилигине барып кайрылышса, акимчиликке барып "пикет" кылгыла дешиптир. Ушул нерсе туурабы? Ким көзөмөлгө алат?-деди депутат айым.

Айыл чарба министринин орун басары: "Бул жерде провакация болуп жатат. Биз дыкат иликтеп туруп жооп беребиз"-деди. 

Ссылка: https://barometr.kg/tumanbaeva-kanal-kuruu-boyuncha-tenderdi-utup-algan-kompaniya-kyzmatkerlerge-ajlyk-tlbj-zhatat



Добавить комментарий