Түштүк Кореяга Кыргызстандын атынан барып, калып калган жарандардын аты аталды

2 октября 2018 11:10 1481 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Мадиният, маалымат жана туризм министирлиги жөнөткөн эки кыргызстандык Түштүк Кореяда миграция мыйзамдарын бузду. Бул туурасында аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, быйыл Сеулда Корея импортчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган "Import Goods Fair" аталышындагы эл аралык көргөзмө өткөн. Мындай иш-чараларда жергиликтүү ишкерлер менен компаниялар Кореянын рыногуна кирүүнү каалаган чет элдик ишкерлер менен жолугушат. Кыргызстандын атынан "КРнын курортчулр ассоциациясынын" өкүлдөрү кетишкен. 

Тышкы иштер министирлигинин маалыматы боюнча аталган ассоциациянын атынан Мирлан Усубалиевдин жетекчилиги алдында Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбнков бармак. Бирок элчилик аларга виза даярдап берүүдөн баш тарткан. "Тилеке каршы Рысалиев менен Мирбеков Кореяга келгенден кийин кайра мекенине кетпей коюп, Кореянын миграциялык мыйзамдарын бузган. Алардын мындай кадамы Корея бийлигинин Кыргызстандын мамлекеттик органдарына болгон ишеним жоголуп, мамилеге залака келтирет, -деп элчилик билдирүү жазды.

Мындан сырткары дипломатиялык өкүлчүлүк бул өлкөнүн имиджине доо келтирген мамлекеттик кызматкерлердин биринчи жолку мыйзам бузуусу эмес экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга Сеул шаарынын аэропортундагы Зууракан Каденованын жоругу мисал боло алат.

Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-koreyaga-kyrgyzstandyn-atynan-baryp-kalyp-kalgan-zharandardyn-aty-ataldy



Добавить комментарий