Түштүк Кореяга барган кыргызстандыктарга эт-сүт азыктарын ташууга тыюу салынды

28 июня 2019 12:35 1335 Barometr
Поделиться в:
ok

Түштүк Кореянын Карантин жана мал чарбасы менен өсүмдүк инспекциясы 1-июлдан тартып Кореяга бир катар азыктарды алып кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Кыргызстандагы Түштүк Кореянын элчилигинен кабарлашты.

Аталган иш-чара Кореяга Африка чумасын жана куш тумоосунун жайылтпоо максатында кабыл алынды.

Мындан улам бул өлкөгө эт жана эт азыктарын: уйдун эти, чочконун эти, тоок этин, ветчина, сосиска, колбаса, консерваларды, сүт азыктарын: сүт, сыр, май, жумуртка, жумуртка порошогун алып кирүүгө тыюу салынды.

Ошондой эле үй айбанаттарына тоют алып кирүүгө дагы болбойт.

Жогорудагы азыктарды жана тоюттарды мыйзамсыз ташып кирүү аракети болгон учурда 5 млн. корей вону (1$= 1155,57 вон) суммасында айып салынат.

Айып төлөнбөгөн учурда жаза тарткан жаран өлкөгө 5 жыл киргизилбейт.

Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-koreyaga-bargan-kyrgyzstandyktarga-et-st-azyktaryn-tashuuga-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий