Түштүк Кореяда кыргызстандыктардын катышуусунда мульти маданий фестиваль өттү
Түштүк Кореяда The 12 th Together Day аттуу мульти маданий фестиваль өттү. Ага Кыргызстан, Кытай, Индонезия, Шри-Ланка, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн элчилери жана диаспора өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда дипломатиялык корпустун атынан Кореядагы Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөзүн айтты.
Өз сөзүндө элчи кыргыз жана корей элдеринин ортосундагы тарыхый окшоштуктарга токтолуп, тоолуу Кыргызстандын кооз жаратылышы, туристик потенциалы тууралуу айтты. Ошондой эле Кыргызстандын элчиси Ансан шаарынын жетекчилигине мындай мульти маданий шаарда жашаган Кыргызстан жана башка мамлекеттин элдерине жакшы шарттарды түзүп бергенине ыраазычылык билдирди.
Фестивалда Борбор Азия жана башка мамлекеттердин павильондору коюлган. Чонг Ёнг Кван баштаган кореялык активисттер Кыргызстандын маданияты жана туристик потенциалы тууралуу презентация өткөрүштү. Көрүүчүлөргө кыргыз калпагын өз колу менен жасоону сунушташты.
Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-koreyada-kyrgyzstandyktardyn-katyshuusunda-multi-madanij-festival-tt
Добавить комментарий ×